Греция карантин чараларын жумшартты

Греция карантин чараларын жумшартты. 15-июндан тартып Грецияга 29 өлкөнүн жарандары карантинсиз кире алат. Алардын тизмеси май айында жарыяланган. Бирок Россия бул тизмеге киргизилген жок. Бирок орусиялык жарандар өкмөт белгилеген мейманканаларда бир жума жашоо шарты менен бара алышат. Эгер алардын коронавирус тесттери таза чыкса, деңиз жээгинде… Кененирээк…

Монголиянын Завхан аймагына кар жаады

Монголиянын Завхан аймагына кар жаады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда. Ал эми синоптиктер 8-9-июнь күндөрү жаан жана суу кар жаайт деп божомолдошкон. Эске салсак, буга чейин да Монголиянын бир катар аймактарында июнь айынын аягында кар жааган учурлары катталып келген.

Базар-Коргон районунда электр энергия менен камсыздоо иштери аткарылууда

Базар-Коргон районунда электр энергия менен камсыздоо иштери аткарылууда. “Турмуш” басылмасы билдиргендей, Жаз-Кечүү айылында алгачкы ирет электр мамычасы орнотулду. Учурда Сузак районунун Кыз-Көл айылы тарабынан аба чубалгаларын тартуу иштери башталды. Жалпысынан 18 чакырым линия, 900 даана электр мамысы орнотулат. Ошондой эле 3 трансформатор пайда болот. Долбоордун… Кененирээк…

19-июнда Бишкектен Якутияга аба каттам уюштурулат

19-июнда Бишкектен Якутияга аба каттам уюштурулат. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди. Борттогу орундар Амурск, Магадан, Сахалин, Иркутс облустук жана Еврей автономиялуу облусу боюнча, Камчатка, Приморск, Красноярск, Хабаровск, Бурятия, Саха аймактарында жашаган жарандарга берилет. Каттам тууралуу жарандар Бишкектеги элчиликке, ал эми өлкөнүн түштүгүндө жашагандар Оштогу элчиликке… Кененирээк…

Кыргызстанда 41 миң 727 абитуриент жалпы республикалык тестирлөөгө каттоодон өттү

Кыргызстанда 41 миң 727 абитуриент жалпы республикалык тестирлөөгө каттоодон өттү. Билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров билдиргендей, тестирлөө 3 баскычта өтөт. 21-июнда негизгиси, ал эми 22-июнда кошумча сабактар боюнча тест тапшырылат. Экинчи этап 24-25-июнда, үчүнчүсү 11-12-июлда өтөт. Өмүров белгилегендей, ар кандай программа менен чет… Кененирээк…

Бишкекте гуманитардык жардамды туура эмес бөлүштүрүү боюнча кылмыш иши козголду

Бишкекте гуманитардык жардамды туура эмес бөлүштүрүү боюнча №19-муниципалдык аймактык башкармалыкка кылмыш иши козголду. Бул тууралуу мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирет. Анын айтымында, тиешелүү жетекчи кызматынан бошотулду. Азык-түлүк топтому кээ бир муктаж жарандарга жеткен эмес. Ал эми кээ бирлерине бир нече ирет кайталанып берилген. Учурда… Кененирээк…

Синоптиктерден шашылыш билдирүү

Синоптиктерден шашылыш билдирүү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 10-июнга чейин өлкөнүн басымдуу аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт.   Айрым райондордо шамалдын ылдамдыгы секундасына 22 метрге чейин жетет. Аба табы кескин төмөндөйт. Нөшөрлөгөн жаан-чачындан улам, сел жүрүү коркунучу бар.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн үчүнчү этабы 11-12-июлга белгиленди

Жалпы республикалык тестирлөөнүн үчүнчү этабы 11-12-июлга белгиленди. Билим берүү министринин орун басары Нурлан  Өмүров билдиргендей, ар кандай программа менен чет мамлекеттерде жүрүп, жетишпей калган абитуриенттер үчүн атайын кечиктирилген тестирлөө уюштурулат.   Белгилеп кетсек, сынактын биринчи этабы 21-22-июнда, экинчиси 24-25-июнда өтөт. Быйыл мектепти 58 миң 730… Кененирээк…

Жеңилдетилген насыя 3,5 миң фермерге берилди

Жеңилдетилген насыя 3,5 миң фермерге берилди. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, “Айыл-чарбаны каржылоо — 8” долбоорунун алкагында берилген жалпы сумма 2 миллиард сомдон ашат.   Белгилеп кетсек, эң көп насыя Чүй облусунун дыйкандарына берилсе, эң аз Баткен облусуна туура келет. Каражаттын басымдуусу мал чарбачылыгына багытталды.

Быйыл жогорку окуу жайларына тапшыруу онлайн түрүндө болот

Быйыл жогорку окуу жайларына тапшыруу онлайн түрүндө болот. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди. Анын айтымында, абитуриенттер атайын ачылган платформага талондорду жөнөтүшөт.   Онлайн түрүндө окуу жайга тапшыруунун жол жобосу иштелип жатат, жакынкы күндөрү сунушталат. Өлкөдө жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүү үчүн 116 борбор… Кененирээк…