Базар-Коргон районунда электр энергия менен камсыздоо иштери аткарылууда.
“Турмуш” басылмасы билдиргендей, Жаз-Кечүү айылында алгачкы ирет электр
мамычасы орнотулду. Учурда Сузак районунун Кыз-Көл айылы тарабынан аба
чубалгаларын тартуу иштери башталды. Жалпысынан 18 чакырым линия, 900 даана
электр мамысы орнотулат. Ошондой эле 3 трансформатор пайда болот.
Долбоордун жалпы суммасы 25 миллион сомду түзөт.
Каражат “Жалал-Абад электр” ишканасынан бөлүнөт.