Синоптиктерден шашылыш билдирүү

Синоптиктерден шашылыш билдирүү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 10-июнга чейин өлкөнүн басымдуу аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт.

 

Айрым райондордо шамалдын ылдамдыгы секундасына 22 метрге чейин жетет. Аба табы кескин төмөндөйт. Нөшөрлөгөн жаан-чачындан улам, сел жүрүү коркунучу бар.