Жалпы республикалык тестирлөөнүн үчүнчү этабы 11-12-июлга белгиленди

Жалпы республикалык тестирлөөнүн үчүнчү этабы 11-12-июлга белгиленди. Билим берүү министринин орун басары Нурлан  Өмүров билдиргендей, ар кандай программа менен чет мамлекеттерде жүрүп, жетишпей калган абитуриенттер үчүн атайын кечиктирилген тестирлөө уюштурулат.

 

Белгилеп кетсек, сынактын биринчи этабы 21-22-июнда, экинчиси 24-25-июнда өтөт. Быйыл мектепти 58 миң 730 окуучу аяктады.