Жеңилдетилген насыя 3,5 миң фермерге берилди. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, “Айыл-чарбаны каржылоо — 8” долбоорунун алкагында берилген жалпы сумма 2 миллиард сомдон ашат.
Белгилеп кетсек, эң көп насыя Чүй облусунун дыйкандарына берилсе, эң аз Баткен облусуна туура келет. Каражаттын басымдуусу мал чарбачылыгына багытталды.