Студенттерди заманбап ыкма менен окутуу усулдары үйрөтүлөт

“Онлайн университет” платформасы 8-июнда мектеп окуучуларын жана жогорку окуу жайлардын студенттерин окутууда долбоорго таянып иштөө ыкмасын үйрөткөн вебинар уюштурат.   “Долбоордун негизинде окутуу усулу: колдонуу боюнча практикалык сунуштар” деген темада өтө турган иш-чаранын максаты – мындай ыкманын артыкчылыгын жана өзгөчөлүгүн түшүндүрүп берүү, кадимки сабактан айырмасын… Кененирээк…

Бала бакчалар тиешелүү текшерүүдөн кийин гана ачыла алат

Бала бакчалар тиешелүү текшерүүдөн кийин гана ачыла алат. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова айтып берет.   “Санэпидемстанциянын корутундусу болуш керек. Анан кайсы эрежелерди сакташ керек, ошонун бүт топтомдор даярдалды. Жергиликтүү бийлик, билим берүү бөлүмдөрү ал бала бакчаны ача албайт, эгер корутундусу… Кененирээк…

“Барселонанын” музейи, кеңсеси жана дүкөнү 12-июнда ачылат

“Барселонанын” музейи, кеңсеси жана дүкөнү 12-июнда ачылат. Клубдун бардык имараттары  пандемиядан улам 3 ай мурун жабылган. Дезинфекциялык иш-чаралар күчөтүлөт.   Клуб товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдө кардарлар менен байланышсыз ыкмаларды колдойт. Андан тышкары келгендер бири-биринен кеминде эки метр аралыкта турушу керек.

Ошто мечиттерде санитардык эрежелер сакталбаса, алар жабылат

Ошто мечиттерде санитардык эрежелер сакталбаса, алар жабылат. Бул тууралуу түштүк калаанын мэри Таалайбек Сарыбашов жарыялады. Анын айтымында, Ошто 72 мечит бар.   Аларда санитардык эрежелер иштелип, ар бири антисептик жана беткаптар менен камсыздалышы керек. Мечитке беткапсыз келгендер киргизилбейт, — деди Сарыбашов. Белгилеп кетсем, Кыргызстанда бүгүнтөн… Кененирээк…

Июнь жана июлда Россиядан Кыргызстанга жума сайын чартердик каттамдарды уюштуруу пландалууда

Июнь жана июлда Россиядан Кыргызстанга жума сайын чартердик каттамдарды уюштуруу пландалууда. Бул тууралуу биздин өлкөнүн Россиядагы элчилигинин сайтында жазылды.   Ведомстводон билдиришкендей, учурда каттамдарды уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөр Росавиация жана авиакомпаниялар менен жүргүзүлүп жатат.   Кошумчалап кетсек, мекенине кайтууга жардам берүү суранычы менен 5 миңден ашык… Кененирээк…

Бишкекте айрым бала бакчалар азырынча иштебейт

Бишкекте айрым бала бакчалар азырынча иштебейт. Шаардык мэриянын маалыматына караганда №4, №5, №71, №92, №104, №117, №122 жана №185 бала бакчалар ишин жандандырган жок.   Учурда аларда жайкы оңдоо иштери жүрүүдө.   Калган бала бакчалардын кызматкерлери вируска текшерилип, имараттары дезинфекцияланды. Бишкекте 87 муниципалдык бала бакча,… Кененирээк…

Бишкекте санитардык эрежелер жакшы сакталбай жатат

Бишкекте санитардык эрежелер жакшы сакталбай жатат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жарыялады. Чиновник белгилегендей, үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынганына карабай, жарандар кайдыгер мамиле жасап жатат.   Вирусту жарандар тойлордо, тажияларда жуктурушууда. Кубатбек Боронов бул маселени көзөмөлгө алуу керек экенин белгилеп, борбор калаада эпидемиологиялык иштер… Кененирээк…

Конор Макгрегор карьерасын үчүнчү жолу жыйынтыктап жатканын жар салды

UFC уюмунун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону ирландиялык мушкер Конор Макгрегор үчүнчү жолу карьерасын жыйынтыктап жатканын жар салды. Бул тууралуу мушкер социалдык тармактагы жеке баракчасына жазган.   «Салам баарынарга. Мен карьерамды жыйынтыктоону чечтим. Ушул укмуштуу эскерүүлөр үчүн баарынарга рахмат», — деген Макгрегор. Макгрегор акыркы беттешин 19-январда UFC 246… Кененирээк…

Нидерландыда түнкү клубдарды ачууга уруксат берилди

Нидерландыда түнкү клубдарды ачууга уруксат берилди. Бирок аларда бийленгенге болбойт. Келгендер жөн гана отургучта отуруп, музыка угушу керек. Мындай форматтагы алгачкы отуруш Неймеген шаарында өттү.   Алгач бир жерде туруп, социалдык аралыкты сактоо менен бийлөөгө уруксат берүү каралып жаткан. Бирок жергиликтүү бийлик бийлегенге азырынча эрте… Кененирээк…

Японияда бассейн үчүн беткап чыгарылды

Японияда бассейн үчүн беткап чыгарылды. Аталган өлкөдө бассейндер ачылган соң мындай өзгөчө бет каптарга суроо-талап жогорулаган. Мындай көйгөйдү Токиодо жайгашкан компаниялардын бири чечүүгө аракет кылып, бет капты тунук материалдан жасашты.   Ал бетти көздөн ылдый жагын жаап, суунун ичинде ары-бери жылбайт. Мындай бет каптар менен… Кененирээк…