Ат-Башы районундагы мектептерде 856 миң сомго оңдоп-түзөө иштери башталды.
Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти. Учурда Өзгөрүш айылындагы
мектепте иштер бүттү, калган 20 билим берүү мекемесинде оңдоп-түзөө уланып жатат.
Жумуштарды 20-августка чейин бүтүрүү пландалууда. Белгилеп кетсек, тендер
жарыялангандан кийин каражат мындан да азайышы мүмкүн.
Оңдоо иштери мектептин көлөмүнө жараша болот.