“Тазалык” муниципалдык ишканасынын мурдагы директору кармалды

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын мурдагы директору кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, былтыр «Тазалык» ишканасы тарабынан 84 миллион сомдон ашык

суммага майлоочу жана күйүүчү каражаттарды талон түрүндө сатылып алынып,

материалдык жооптуу кызматкерлерге берилгендиги аныкталды. Тагыраагы, жыл ичинде

1 миллион сомдон ашык баадагы 30,5 миң литр күйүүчү майдын талондору Чүй жана

Талас облусунун аймагында пайдаланылган. Ал эми ишкананын ишмердүүлүгү

Бишкектин аймагы менен гана чектелген. Аталган факты кылмыш жана

жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.