Кыргызстанда 234 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатына ээ болду

Кыргызстанда 234 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатына ээ болду. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, быйыл “Алтын тамга” тестирлөөсүн 1 миң 250 окуучу тапшырды. Анын 19 пайызы гана билимин тастыктай алды.   Бул өткөн жылга салыштырмалуу, 2 пайызга көбүрөөк. Анда болгону 182 окуучу тестирлөөдөн өтө алган. Сынак санитардык эрежелерди… Кененирээк…

Япониялык эксперт арыктоо жана өмүрдү узартуучу өзгөчө ыкма менен бөлүштү

Япониялык эксперт арыктоо жана өмүрдү узартуучу өзгөчө ыкма менен бөлүштү. Сиртуин гени клеткаларды жаңыртат. Ал эми бул ген иштелип чыгышы үчүн болгону ачка жүрүү керек.   Есинори Нагумонун пикиринде, күнүнө бир эле жолу тамактануу жетиштүү. Мындай система ашыкча салмактан арылтып, жашоону узартат.

Миграция кызматы сырттан кайткан 11 миң адамга жумуш караштырып жатат

Миграция кызматы сырттан кайткан 11 миң адамга жумуш караштырып жатат. Ведомство өкүлү Бактыгүл Айдакеева билдиргендей, кайтып келгендер жумушсуздардын катарына кошулду.   Пандемиядан улам иши барлар дагы аралыктан эмгектенүүгө аргасыз болууда. Бул маселени чечүү максатында сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.   Анын алкагында жарандардын квалификациясын жогорулатуу каралууда. Белгилеп… Кененирээк…

Өлкөдө доллар курсу кайрадан кымбаттап баштады

Өлкөдө доллар курсу кайрадан кымбаттап баштады. Бүгүн ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 75 сом 90 тыйындан сатып алып, кайра 76 сом 10 тыйындан сатышууда. Муну менен доллар эс алуу күндөрү 70 тыйынга кымбаттады.   Эске салсак, мартта америкалык валюта дароо кымбаттап, 85 сомго… Кененирээк…

Кыргызстанда социалдык төлөмдөр өз убагында берилип жатат

Кыргызстанда социалдык төлөмдөр өз убагында берилип жатат.   Каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын айтымында, бугүнкү күнгө карата пенсиялар жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын пособиелери кечиктирилген жок.   Ведомство мындай шартта иштөөнү жыл аягына чейин пландап жатат. Төлөмдөр кечиктирилбей берилет. Белгилеп кетсек, быйыл пандемиядан улам экономикалык ишкердүүлүк… Кененирээк…

Жогорку Кеңешке шайлоолор эпидемиологиялык абал турукташмайынча жарыяланбайт

Жогорку Кеңешке шайлоолор эпидемиологиялык абал турукташмайынча жарыяланбайт. Бул тууралуу 24 агенттигине Боршайкомдон билдиришти. Шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, учурда олкодө абал кооптуу болуп жатат, ал турукташканча шайлоо кампаниясы жанданбайт.   Күтүлгөндөй, парламенттик шайлоолор Конституция менен бекитилген мөөнөттө эле өтөт, бирок санитардык талаптарды… Кененирээк…

Ноокатта шахтада бир адамдын өмүрү кыйылды

Ош облусунда шахтада бир адам каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя Ноокат районунда «Жинжиген» деген шахтада болду. Ал адам газга ууланып калган.   Жерине тоо-кен куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары барып, маркумдун сөөгүн шахтадан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти. Бир апта мурда Баткенде көмүр шахтасында… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында жыл башынан бери 150 электр мамысы алмаштырылды

Жалал-Абад шаарында жыл башынан бери 150 электр мамысы алмаштырылды. “Жалал-Абад электр” ишканасынан билдиришкендей, учурда күзгү-кышкы сезонго карата даярдыктар жүрүп жатат. Трансформаторлор оңдоп-түзөлүүдө. Андан сырткары, изоляторлор жаңыланып, аба чубалгыларына тоскоолдук жараткан бак-дарактар алынды. Учурда иштер Железнодорожная, Пограничная көчөлөрүндө аткарылууда.

“Каркыра – унаа жолу” өткөрүү түйүнү качан ачылары белгисиз

  Кыргыз-казак чек арасынын Ысык-Көл облусундагы “Каркыра – унаа жолу” өткөрүү түйүнү качан ачылары белгисиз. Аны ачуу чечимин Республикалык штаб кабыл атат. Бул тууралуу novosti.kgге Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, учурда түйүндүн инфраструктурасы жакшыртылууда. Санитардык-карантиндик түйүн орнотулуп жатат. Мындан тышкары медицина кызматкерлеринин нөөмөтү… Кененирээк…

Бир аз тыныгуудан кийин Кыргызстанда доллар кайрадан кымбаттап баштады

Бир аз тыныгуудан кийин Кыргызстанда доллар кайрадан кымбаттап баштады. Бүгүнкү күнгө карата ал 76 сомдон ашты. Америкалык валютаны орто эсеп менен 75 сом 90 тыйындан сатып алышып 76 сом 10 тыйындан сатылууда. Эс алуу күндөрү доллардын баасы дароо 70 тыйынга жогорулады.