Ноокатта шахтада бир адамдын өмүрү кыйылды

Ош облусунда шахтада бир адам каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя Ноокат районунда «Жинжиген» деген шахтада болду. Ал адам газга ууланып калган.

 

Жерине тоо-кен куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары барып, маркумдун сөөгүн шахтадан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Бир апта мурда Баткенде көмүр шахтасында төрт адам каза болгон.

 

Мамлекеттик экотехинспекциянын маалыматына караганда, 2018-жылы Кыргызстанда тоо-кен тармагындагы ишканаларда 20 кырсык катталып, жети жумушчу каза тапкан, 13ү оор жараат алган. 2019-жылы он чакты өлүм катталган.