Жогорку Кеңешке шайлоолор эпидемиологиялык абал турукташмайынча жарыяланбайт

Жогорку Кеңешке шайлоолор эпидемиологиялык абал турукташмайынча жарыяланбайт. Бул тууралуу 24 агенттигине Боршайкомдон билдиришти. Шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, учурда олкодө абал кооптуу болуп жатат, ал турукташканча шайлоо кампаниясы жанданбайт.

 

Күтүлгөндөй, парламенттик шайлоолор Конституция менен бекитилген мөөнөттө эле өтөт, бирок санитардык талаптарды сактоо менен, — деди Бекматов.

 

Анын божомолу менен ал эми апрелде өтпөй калган жергиликтүү кеңешке добуш берүү кийинки жылдын апрелине жылдырылышы мүмкүн.