Миграция кызматы сырттан кайткан 11 миң адамга жумуш караштырып жатат

Миграция кызматы сырттан кайткан 11 миң адамга жумуш караштырып жатат. Ведомство өкүлү Бактыгүл Айдакеева билдиргендей, кайтып келгендер жумушсуздардын катарына кошулду.

 

Пандемиядан улам иши барлар дагы аралыктан эмгектенүүгө аргасыз болууда. Бул маселени чечүү максатында сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.

 

Анын алкагында жарандардын квалификациясын жогорулатуу каралууда. Белгилеп кетсек, пандемия учурунда Кыргызстанга башка мамлекеттерден 12 миңге жакын жаран келди.