Кыргызстандагы түрк ишкерлери 150 кычкылтек концентраторун алып беришти

Кыргызстандагы түрк ишкерлери 150 кычкылтек концентраторун алып беришти. Бул тууралуу Түркиянын биздин өлкөдөгү элчилигинен билдиришти. Белгилеп кетсем, буга чейин өлкөдөгү ооруканаларда ИВЛ аппараттары жана кычкылтек концентраторлору жетишпей жатканы айтылган.   Буга байланыштуу өкмөт Кытайдан 500 кычкылтек концентраторун сатып алды.   Дагы 500ү ушул жума ичинде… Кененирээк…

Бишкектин  4 районунда тең күндүзгү стационарлар иштеп жатат

Бишкектин  4 районунда тең күндүзгү стационарлар иштеп жатат. Аларга сасык тумоо, пневмония жана курч респиратордук вирустун биринчи белгилери байкалган жарандар дарыланууда.   Мэриядан билдиришкендей, стационарлар Ленин районундагы “Газпром” спорт комплексинде, Биринчи май районунда Спорт ордосунда, Свердлов районунда спорт-комплексинде жана Октябрь районуна караштуу наабайканынын имаратында иштеп… Кененирээк…

Бишкекке Россиядан кыргызстандык ыктыярчы дарыгерлер келди

Бишкекке Россиядан кыргызстандык ыктыярчы дарыгерлер келди. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Москва — Бишкек каттамы менен                      424 кыргызстандык келди.   Анын ичинде медицина кызматкерлеринин саны  26.   Кыргызстанга  кайтып келүүнү каалагандардын саны көп болгондуктан, элчиликтин, кыргыз диаспораларынын жана Москвадагы кыргызстандыктардын клиникаларынын өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия түзүлгөн.

Ошто 500 орундуу медициналык стационар даярдалууда

Ошто 500 орундуу медициналык стационар даярдалууда. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, анда өпкөсү кагынгандарды жана коронавируска кабылгандарды дарылоо пландалып жатат.   Стационардык борборлор өлкөнүн башка шаарларында да ачылууда. Буга чейин Бишкек шаарында төрт борбор ачылган. Ар бир борбор 200 орунга эсептелген.   Алар күнүнө 4 миңден… Кененирээк…

Кыргызстан Кытайдан 500 кычкылтек концентраторун сатып алды

Кыргызстан Кытайдан 500 кычкылтек концентраторун сатып алды. Өкмөттүн маалыматына ылайык, ушул жуманын аягына чейин дагы 500ү жеткирилет. Бул максатта министрлер кабинети 50 миллион сом бөлүп берген.   Концентраторлордун бир бөлүгү COVID-19 жана пневмонияга каршы күрөш жүргүзүү үчүн ачылган медициналык мекемелерди жабдуу максатында өлкө аймактарына жөнөтүлөт.… Кененирээк…

Индиялык эркек баасы 4 миң долларлык алтын беткап тагынып жүрөт

Индиялык эркек баасы 4 миң долларлык алтын беткап тагынып жүрөт. Ал өзү РИА Новостиге айтып бергендей, ал дайым алтын чынжырчаларды, шакек, сааттарды тагынып жүргөндүктөн, медициналык беткапты дагы баалуу металлдан жасатууга буйрутма берген.   Беткаптын салмагы 2,5 килограммды түзүп, ал 289 миң рупий же 3 миң… Кененирээк…