Ошто 500 орундуу медициналык стационар даярдалууда

Ошто 500 орундуу медициналык стационар даярдалууда. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, анда өпкөсү кагынгандарды жана коронавируска кабылгандарды дарылоо пландалып жатат.

 

Стационардык борборлор өлкөнүн башка шаарларында да ачылууда. Буга чейин Бишкек шаарында төрт борбор ачылган. Ар бир борбор 200 орунга эсептелген.

 

Алар күнүнө 4 миңден 6 миңге чейин адамды тейлөөгө ылайыкташкан.