Кыргызстан Кытайдан 500 кычкылтек концентраторун сатып алды. Өкмөттүн маалыматына ылайык, ушул жуманын аягына чейин дагы 500ү жеткирилет. Бул максатта министрлер кабинети 50 миллион сом бөлүп берген.
Концентраторлордун бир бөлүгү COVID-19 жана пневмонияга каршы күрөш жүргүзүү үчүн ачылган медициналык мекемелерди жабдуу максатында өлкө аймактарына жөнөтүлөт.
Ошондой эле, учурда ыктыярчылар жана уюмдар ИВЛ аппараты менен концентраторлорду сатып алууга каражат топтоп жатат.