Кыргызстанда 12 медициналык препаратынын жетишсиздиги байкалууда

Кыргызстанда 12 медициналык препаратынын жетишсиздиги байкалууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.   Анын айтымында,   бүгүнкү күндө пайдаланылып жаткан 56 аталыштагы дарынын 12сине муктаждык жаралууда. Бул алар такыр жок дегенди түшүндүрбөйт, азырынча бар, бирок биз көбүрөөк камдашыбыз керек. Ал эми калган… Кененирээк…

Казакстанга 19-июлга чейин күчөтүлгөн карантин киргизилди

Казакстанда 5-июлдан 19-июлга чейин күчөтүлгөн карантин режими киргизилди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымдады. 5-июлдан 19-июлга чейин Казакстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган жайлар:   Сулуулук салондору; Спорт зал, фитнес-борбор, бассейндер; Үстү жабык тамак-аш саткан базарлар; Аквапарктар; Музей, жарманке, конференция жана башка маданий объектилер; Көңүл ачуучу борборлор, мектепке чейинки балдар… Кененирээк…

Ошто 100 орундуу күндүзгү медициналык стационар иштеп баштады

Ошто 100 орундуу күндүзгү медициналык стационар ачылды. Түштүк калаанын мэриясынан билдиришкендей, ал Кулатов көчөсүндөгү “Газпром” спорт залынын имаратында жайгашты.   Бул жерде оорунун жеңил түрү менен жабыркаган бейтаптар дарыланса болот. Андан тышкары, коронавирус жана пневмонияга кабылгандар үчүн 500 орун даярдоо боюнча тапшырма берилди.

“Ганси” базасында реанимациялык бөлүм ачылды

“Ганси” базасында реанимациялык бөлүм ачылды. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев белгилегендей, базада буга чейин орто абалдагылар дарыланчу.   Пневмониядан дарыланып жаткан орто абалдагы бейтаптардын абалы оорлошуп жатат.   Андан улам министрликтин буйругу менен “Гансиге” реанимациялык блок ачылды. Ага Улуттук онкология жана гематология, Улуттук… Кененирээк…

Каракол шаарында дагы күндүзгү стационар ачылды

Каракол шаарында дагы күндүзгү стационар ачылды. Мэриядан билдиришкендей, 50 орундуу стационар Гебзе жана Коенкөзов көчөлөр кесилишинде орун алган “Толкун” спорткомплексинде жайгашкан.   Анда сасык тумоо, пневмония жана курч респиратордук вирус менен ооругандарга күндүз жардам көрсөтүү үчүн бардык шарттар каралды. Стационар бүгүн ачылып, дарыгерлерге өткөрүлүп берилет.

Бишкекте Тез жардам кызматынын кошумча 8 бригадасы ишке кирди

Бишкекте Тез жардам кызматынын кошумча 8 бригадасы ишке кирди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.   Анын айтымында, шаар тургундарынан медициналык ыкчам жардам көрсөтүү кеч көрсөтүлүп жатканына арыздангандар көбөйүүдө. Андыктан, кошумча бригаларды уюштуруу чечими кабыл алынды.

Алайда жер титиреди

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 5-июлдун кечинде Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жердин титиреши Алай районунун Бор-Дөбө айылында үч баллга чейин сезилди.   Алайда 2-июлда да жер титиреген, күчү 2,5 баллга жеткен.   Быйыл январь айында Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен… Кененирээк…

Бишкектин ооруканаларында орун жок

Бишкектин ооруканаларында орун жок. Бул тууралуу ордо калаа мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова жарыялады. Анын сөзүн Тез жардам кызматынын борборунан тастыкташты.   Учурда стационарлар толук, жаңы бейтаптар кабыл алынган жок. Ал эми кошумча ачылган күндүзгү стационарлар олуттуу белгилер менен бейтаптарга эсептелген эмес. Катуу ооруп жаткандар кайда… Кененирээк…

Бишкекте 118 кыска номуруна чалуулардын саны азайды

Бишкекте 118 кыска номуруна чалуулардын саны азайды. Бул тууралуу мэрия аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди. Ал белгилегендей, коронавирус инфекциясын өз алдынчоо аныктоо боюнча кайрылуулардын азайганы албетте, кубандырат.   Эске салсак, ордо калаанын №2 орто мектебинин базасында жаңы чалуу борбору ачылды. Анда 40 адам күнү-түнү иштеп… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлдү

Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлдү. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, кечки саат 5ке чейин жарык Калык Акиев, Абдрахманов, Анкара көчөлөрүндө, Чыгыш-5, Жал кичи райондорунда, Алтын-Ордо, Жеңиш, Рухий-Мурас, Ак-Босого конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.