Түркияда өтө турган Көчмөндөр оюндары кийинки жылга жылдырылды

Түркияда өтө турган Көчмөндөр оюндары кийинки жылга жылдырылды. Бул тууралуу Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынан билдиришти. Буга чейин IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Бурса шаарында өтөрү маалым болгон. Масштабдуу иш-чара Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу бар

Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу бар. Кыргызгидрометтен билдиришкендей, 11-июлга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу аймактарда суу ташкыны пайда болушу ыктымал. Мындан улам жарандарга этият болуу сунушталат.

Ысык-Көл облусунда эртеңден тартып аймак аралык жана облус ичиндеги коомдук унаалар токтотулат

Ысык-Көл облусунда эртеңден тартып аймак аралык жана облус ичиндеги коомдук унаалар токтотулат. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн novosti.kgге билдиришти. Маалыматка ылайык, чектөөлөр 10 күнгө созулат. Бирок туроператорлор менен макулдашылган маршруттук автобустардын ишине тоскоолдук жок. Ал эми такси кызматтары санитардык талаптарды сактоо менен, унаанын ичине 70… Кененирээк…

Ордо калаага  автобус жеткирүүгө жарыяланган тендердин жеңүүчүсү аныкталды

Ордо калаага  автобус жеткирүүгө жарыяланган тендердин жеңүүчүсү аныкталды. Мэриядан билдиришкендей, унааларды сатып алууга шаар бюджетинен 658 миллион каралууда. Автобустар 2020-жылы чыгып, өзүнө 70 жүргүнчүнү батыра алат. Анда ошондой эле электрондук билеттештирүүнү жүргүзүүгө валидаторлор орнотулат.  Белгилеп кетсек, жеңүүчү аталган компания былтыр дагы ордо калаага газ менен… Кененирээк…

Ордо калаада дубалды сүзүп, кафеге кирип кеткен унаанын айдоочусу кармалды

Ордо калаада дубалды сүзүп, кафеге кирип кеткен унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 31 жаштагы жаран кармалып, унаа айып короого киргизилди. Эске салсак, 7-июлда Веселый жана Салиев көчөлөрүнүн кесилишинде унаа кафенин ичине кирип кеткен видео тараган. Айдоочу… Кененирээк…

Тоң районунда сел жүрдү

Тоң районунда сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүн, кыска мөөнөттүү жаандын кесепетинен Балыкчы-Бөкөнбаев унаа жолунун 60-70-чакырым аралыктарын суу жууп, кум-шагылга толуп калды. Жерине аймактык куткаруучулар тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө.

КОВИД-19ду дарылоого белгиленген 60 позициянын 8инде дефицит бар

КОВИД-19ду дарылоого белгиленген 60 позициянын 8инде дефицит бар. Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматованын айтымында, препараттардын 50 миң кутусун сатып алууга тендер жарыяланды. Дарылар вируска жана пневмонияга кабылгандарды, дарылоого керектелет. Акматова белгилегендей, дарыканаларда препараттардын жетишсиздигин жоюу максатында премьер-министр өлкөдөгү фармкомпаниялардын ээлерине жыйын өткөрдү.

Каракол шаарына 10 күндүк карантиндик чектөөлөр киргизилди

Каракол шаарына 10 күндүк карантиндик чектөөлөр киргизилди. Шаардык штабдан билдиришкендей, бүгүнтөн тартып калаа жана район аралык коомдук транспорттун иши токтотулду. Ошондой эле унаабекети жана Бишкек – Каракол багыты боюнча каттам да токтотулду. Мындан тышкары уруксат берилмейинче жума намаздарды өткөрүүгө болбойт.

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 758 миллион долларды түздү

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 758 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бересенин 86 пайызы тышкы, калган 14 пайызы ички. Белгилеп кетсек, өлкө карызынын басымдуу бөлүгү Кытайдын Эксим банкынын алдында.

Бишкекте дарыгердин кайрылуусун атайын түзүлгөн комиссия териштирүүдө

Бишкекте дарыгердин кайрылуусун атайын түзүлгөн комиссия териштирүүдө. Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматованын айтымында, маселе республикалык штабда каралып, премьер-министр комиссияга иштин жыйынтыгын чыгаруу тапшырмасын берди. Белгилеп кетсек, №1 оорукананын дарыгеринин видеосу соцтармактарга тарады. Ал оорукананын башкы дарыгери бейтаптарды ар кандай себептер менен кабыл албай жатканын… Кененирээк…