Түркияда өтө турган Көчмөндөр оюндары кийинки жылга жылдырылды.
Бул тууралуу Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынан билдиришти.
Буга чейин IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Бурса шаарында
өтөрү маалым болгон. Масштабдуу иш-чара Кыргызстандын
демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет.