Ордо калаада дубалды сүзүп, кафеге кирип кеткен унаанын айдоочусу кармалды

Ордо калаада дубалды сүзүп, кафеге кирип кеткен унаанын айдоочусу кармалды.

Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык,

издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 31 жаштагы жаран кармалып, унаа

айып короого киргизилди. Эске салсак, 7-июлда Веселый жана Салиев көчөлөрүнүн

кесилишинде унаа кафенин ичине кирип кеткен видео тараган.

Айдоочу окуя болгон жерден изин жашырып кетүүгө үлгүргөн.