Ош облусунда тойкананын ээсине сотко чейинки өндүрүш иши башталды

Ош облусунда тойкананын ээсине сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, буга чейин Кара-Суу районундагы банкеттик залдын ээсине эки ирет эскертүү берилип айып салынган жана ресторан 15 күнгө жабылган. Буга карабай, 7-июлда Фуркат айылында жайгашкан тойкананын чайканасында тушоо… Кененирээк…

Бишкекте Нуркамал 29 дарегинде жайгашкан биринчи Калкты тейлөө борбору карантинге жабылды

Бишкекте Нуркамал 29 дарегинде жайгашкан биринчи Калкты тейлөө борбору карантинге жабылды. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, бөлүм жаңы кардарларды кабыл албаганы менен, буга чейин паспортко документтерин тапшыргандар келсе болот.   Борбор ишин толук кандуу качан жандантат, азырынча белгисиз. Калган бөлүмдөр кадимки тартипте иштеп жатат.

Боршайком парламенттик шайлоолорго катышууну каалаган партиялардан документтерди кабыл алууну токтотту

Боршайком парламенттик шайлоолорго катышууну каалаган партиялардан документтерди кабыл алууну токтотту.   Арыздарын 44 саясий партия тапшырды. 20-августка чейин партиялар съезддерин өткөрүп, талапкерлердин тизмесин тапшырышы керек. Коронавирус пандемиясына байланыштуу иш-чаралардын бардыгын онлайн форматта өткөрүү пландалууда.   Президенттин жарлыгына ылайык, Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоолор 4-октябрда өтөт. Эске… Кененирээк…

Карантиндик чектөөлөр Талас облусунда дагы киргизилди

Карантиндик чектөөлөр Талас облусунда дагы киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев билдирди. Анын айтымында, бүгүнтөн тарта Талды-Булак айылындагы санитардык пост жабылды – жарандар ал аркылуу Бишкек жана Ош тарапка өтө албайт.   Чектөөлөр эпидемиологиялык абалга байланыштуу. Андан тышкары, спорт комплекстери… Кененирээк…

Дүйнөдөгү эң бай адам Джефф Безостун байлыгы рекорддук 180 миллиард долларга жетти

Дүйнөдөгү эң бай адам Джефф Безостун байлыгы рекорддук 180 миллиард долларга жетти. “Форбс” жазгандай, бул ага таандык “Амазон” компаниясынын акциялары кескин жогорулагандыгына байланыштуу.   Анын капитализациясы 1,5 триллион долларды түздү. Интернет аркылуу товар жана кызматтарды саткан “Амазон” компаниясы Джефф Безос тарабынан 1994-жылы негизделген.

Кара-Балта шаарынын мэри Данияр Шабданов жана шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Аалыев кызматтык унааларын дарыгерлерге тапшырды

Кара-Балта шаарынын мэри Данияр Шабданов жана шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Аалыев кызматтык унааларын дарыгерлерге тапшырды. Муниципалитеттен билдиришкендей, машинелер бириккен аймактык ооруканасына жана үй-бүлөлүк медицина борборуна берилди.   Андан тышкары, ИВЛ аппараттарын, кычкылтек концентраторун сатып алууга шаар бюджетинен 5 миллион сом бөлүндү.

Ошто жума намазга жана облус аралык каттамга тыюу салынды

Ошто жума намазга жана облус аралык каттамга тыюу салынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова билдирди.   Чектөөлөр эртең, 10-июлда күчүнө кирет.  Андан тышкары санитардык-карантиндик посттордун иши күчөтүлөт. Базарлар дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү иштебейт, дезинфекция иштери жүргүзүлөт.  Эс алуучу… Кененирээк…

Көңүлдү көтөрүп, иммунитетти бекемдөөгө шоколад жардам берет

Көңүлдү көтөрүп, иммунитетти бекемдөөгө шоколад жардам берет. Россиялык адис Варвара Зародинанын айтымында, таттуу азык антиоксиданттарга бай. Шоколад жеген учурда мээ дофамин жана серотонин ырахат гормондорун бөлүп чыгарат.   Ошондой эле, ал иммунитетке оң таасирин тийгизет. Бирок анда кумшекер көп болгондуктан, шоколадды аз-аздан жеп туруу сунушталат.

Муфтият 1 миң 400 орунду күндүзгү стационар алдына даярдап койду

Муфтият 1 миң 400 орунду күндүзгү стационар алдына даярдап койду. Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришкендей, алар 29 медресенин имаратында жайгаштырылды.   Буга чейин 7 диний окуу жайда стационар ачылган болчу.

Мамлекеттик курулуш агенттигинин “Бирдиктүү терезеси” карантинге жабылды

Мамлекеттик курулуш агенттигинин “Бирдиктүү терезеси” карантинге жабылды. Ведомство маалыматына ылайык, мындай чечим эпидемиологиялык абалдын курчуп кеткенине жана байланыштуу кабыл алынды.   Курулуш жаатындагы суроолор боюнча жарандар агенттиктин кабыл алуу бөлүмүнө телефон чалып кайрылышы керек.