Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 758 миллион долларды түздү.
Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык,
бересенин 86 пайызы тышкы, калган 14 пайызы ички. Белгилеп кетсек,
өлкө карызынын басымдуу бөлүгү Кытайдын Эксим банкынын алдында.