Тоң районунда сел жүрдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык,
бүгүн, кыска мөөнөттүү жаандын кесепетинен Балыкчы-Бөкөнбаев
унаа жолунун 60-70-чакырым аралыктарын суу жууп, кум-шагылга толуп калды.
Жерине аймактык куткаруучулар тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө.