Бишкекте дарыгердин кайрылуусун атайын түзүлгөн комиссия териштирүүдө.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматованын айтымында,
маселе республикалык штабда каралып, премьер-министр комиссияга иштин
жыйынтыгын чыгаруу тапшырмасын берди. Белгилеп кетсек, №1 оорукананын
дарыгеринин видеосу соцтармактарга тарады. Ал оорукананын башкы дарыгери
бейтаптарды ар кандай себептер менен кабыл албай жатканын жана мекемеде
жеке коргонуу каражаттары жетишпей, дарыгерлер ооруп жатканын билдирген.