Ысык-Көл облусунда эртеңден тартып аймак аралык жана облус ичиндеги коомдук унаалар токтотулат

Ысык-Көл облусунда эртеңден тартып аймак аралык жана облус ичиндеги коомдук унаалар токтотулат.

Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн novosti.kgге билдиришти. Маалыматка ылайык,

чектөөлөр 10 күнгө созулат. Бирок туроператорлор менен макулдашылган маршруттук автобустардын

ишине тоскоолдук жок. Ал эми такси кызматтары санитардык талаптарды сактоо менен,

унаанын ичине 70 пайыз гана жүргүнчү салып ишин улантса болот.