Бишкектин стационарларында электрондук кезек системасы пайда болду

Бишкектин стационарларында электрондук кезек системасы пайда болду. Мэриянын маалыматына ылайык, ал эки категория менен бейтаптарды жазат – дарыгердин кеңешин алууга жана тамчылатма укол алууга.   Жарандарга талондор берилип, алар атайын экрандан өзүнүн номурун күтүп турат. Электрондук кезек системасы үчүн тиешелүү жабдууларды Мамлекеттик каттоо кызматы бөлүп… Кененирээк…

Баткен облусуна 30 кычкылтек концентратору жеткирилди

Баткен облусуна 30 кычкылтек концентратору жеткирилди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, дем алдыруучу аппараттарды өкмөт жөнөттү. Ошондой эле, жүктө 80 пульсоксиметр жана коргоочу костюмдар бар.   Алар райондордогу ооруканаларга бөлүштүрүлөт. Бул Баткенге өкмөт тарабынан көрсөтүлгөн экинчи жардам, — дешти министрлер кабинетинен.

Кыргызстанга жума аягына чейин Россиядан гуманитардык жардам жеткирилет

Кыргызстанга жума аягына чейин Россиядан гуманитардык жардам жеткирилет.   Аталган өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнөткөн жүктө 31 ИВЛ аппараты, 70 атайын монитор, 5 көчмө рентген аппараттар, УЗИ жана жарым миллионго чейин медициналык беткап бар.   Андан тышкары, Башкириядан медицина кызматкерлеринин тобу түзүлдү, андагы дарыгерлер Кыргызстанга… Кененирээк…

Ири шаарларда коронавирустун экинчи толкуну болбойт

Ири шаарларда коронавирустун экинчи толкуну болбойт. Микроорганизмдер экологиясы лабораториясынын башчысы Михаил ЩелкАновдун айтымында, коллективдик иммунитет иштелип чыккан шаарларда экинчи толкун болбойт.   Адис белгилегендей, бир вирусту жуктуруп алып ооруган адамга бир нече убакытка чейин башка инфекция илешпейт.   Бирок мунун баары вируска жана бейтаптын организмине… Кененирээк…

Түп-Кеген жолун жана Каркыра жайлоосуна карай трассаны оңдоо боюнча долбоор жыл аягына чейин башталат

Түп-Кеген жолун жана Каркыра жайлоосуна карай трассаны оңдоо боюнча долбоор жыл аягына чейин башталат. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылаык, программаны ишке ашыруу 55 миллион долларга бааланат.   Ведомствонун планында ошодой эле Ысык-Көлдө 5 туристтик сервис-борборлорду жана геопарктарды куруу бар.   Долбоорду ишке ашырууга каражатты… Кененирээк…

Бишкектеги стационарларга кайрылгандардын саны азаюуда

Бишкектеги стационарларга кайрылгандардын саны азаюуда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Андан белгилешкендей, акыркы суткада стационарларга  3 миң 489 киши кайрылып, тамчылатма укол, тийиштүү кеңеш алышты. Кайрылгандардын ичинен 16 киши ооруканага жаткырылды.   Түнкү үч стационар 665 кишини кабыл алды. Болгону бир бейтап гана ооруканага жаткырылды. Бул… Кененирээк…

Пневмония менен ооруган медицина кызматкерлерине компенсация төлөө суроосу республикалык штабдын отурумунда каралат

Пневмония менен ооруган медицина кызматкерлерине компенсация төлөө суроосу республикалык штабдын отурумунда каралат. Бул тууралуу 24 агенттигине Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.   Эске салсак, коронавирус жуктурган медицина кызматкерлерине өкмөттөн 200 миң сом, каза тапкандарга 1 миллион сом берилет деп айтылган.   18-июлга… Кененирээк…

Россияда COVID-19га каршы вакцинаны сыноо аяктады

Россияда COVID-19га каршы вакцинаны сыноо аяктады. Учурда ыктыярчылардын акыркы тобу ооруканадан чыгарыла баштады. Бирок окумуштуулардын алдында жыйынтыктоочу отчет, препаратты мамлекеттик каттоодон өткөрүү аналитикалык иштери турат. Эске салсак, Россия коронавируска каршы вакцинаны адамдарга сыноону июнь айында баштаган. Анда вакцинанын суюк жана кургак түрү текшерилди.

Нарын облусунда селдин кесепетин жоюу иштери аягына чыкты

Нарын облусунда селдин кесепетин жоюу иштери аягына чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Нарын – Өрүктам унаа жолу кыймылга ачылды. Жерине кызматкерлер жана оор техника ишке тартылды. Эске салсак, кечээ Нарын районунда сел жүргөн. Жыйынтыгында трассанын 50-55-чакырым аралыгы кум шагылга толуп калган

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга онлайн түрүндө кабыл алуу башталды

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга онлайн түрүндө кабыл алуу башталды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, бүгүнтөн тартып абитуриенттер 2020.edu.gov.kg/ порталына катталып, каалаган адистик жана окуу жайына тапшыра алат. Бюджеттик негизде окууга өтүү үчүн негизги тестирлөөдө 110, предметтикте 60 упай болушу керек. Ал эми келишимдик негизде билим алууга босого… Кененирээк…