Бишкектеги стационарларга кайрылгандардын саны азаюуда

Бишкектеги стационарларга кайрылгандардын саны азаюуда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Андан белгилешкендей, акыркы суткада стационарларга  3 миң 489 киши кайрылып, тамчылатма укол, тийиштүү кеңеш алышты. Кайрылгандардын ичинен 16 киши ооруканага жаткырылды.

 

Түнкү үч стационар 665 кишини кабыл алды. Болгону бир бейтап гана ооруканага жаткырылды. Бул көрсөткүч буга чейинки кайрылуулардан кыйла аз, — дешти муниципалитеттен.