Кыргызстанга жума аягына чейин Россиядан гуманитардык жардам жеткирилет

Кыргызстанга жума аягына чейин Россиядан гуманитардык жардам жеткирилет.

 

Аталган өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнөткөн жүктө 31 ИВЛ аппараты, 70 атайын монитор, 5 көчмө рентген аппараттар, УЗИ жана жарым миллионго чейин медициналык беткап бар.

 

Андан тышкары, Башкириядан медицина кызматкерлеринин тобу түзүлдү, андагы дарыгерлер Кыргызстанга келип, жарандарга жардам берет. Аталган топ өлкөгө 22-июлда келиши күтүлүүдө.