Кыргызстанда жогорку окуу жайларга онлайн түрүндө кабыл алуу башталды.
Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, бүгүнтөн тартып абитуриенттер
2020.edu.gov.kg/ порталына катталып, каалаган адистик жана окуу жайына тапшыра алат.
Бюджеттик негизде окууга өтүү үчүн негизги тестирлөөдө 110, предметтикте 60 упай болушу керек.
Ал эми келишимдик негизде билим алууга босого упай – 105 балл деп орнотулду. Эске салсак,
экинчи тур 27-июлга белгиленди, акыркысы 3-августта башталат. Ар бир тур аяктагандан кийин
үч күндүн ичинде кабыл алууга сунушталган абитуриенттер ЖОЖдо окууну каалоосун тастыкташы керек.