Ысык-Көл облусуна 30 кычкылтек концентратору жеткирилди

Ысык-Көл облусуна 30 кычкылтек концентратору жеткирилди. Облустук штабдан билдиришкендей, мындан тышкары 80 пульсоксиметр да келди. Ошондой эле 200 респиратордук беткап жана 4 миң костюм берилди. Медициналык каражаттардын бары муктаждыкка жараша райондорго бөлүштүрүлөт. Белгилеп кетсек, учурда Ысык-Көл облусунда жалпысынан 539 кычкылтек концентратору бар. Алар өкмөт, жергиликтүү… Кененирээк…

Ордо калаада вируска кабылгандар үчүн 748 орун бар

Ордо калаада вируска кабылгандар үчүн 748 орун бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирет. Анын айтымында, акыркы суткада стационарлардан 167 бейтап чыгарылды. Кайра 127 адамдан вирус аныкталып жаткырылды. Каратаев белгилегендей, өлкөдө коронавирус жана пневмонияга кабылгандардын саны азаюуда. Кырдаал катуу көзөмөлдө.

Facebook 50 өлкөгө TikTok тиркемесин аналогун даярдап жатат

Facebook 50 өлкөгө TikTok тиркемесин аналогун даярдап жатат. Instagram Reels аталышындагы жаңы сервис бир нече жумадан кийин иштеп баштайт. Колодонучулар анда кыска видеолорду жарыялай алат. Тасмага жеткиликтүү аудиолорду кошууга TikTok тиркемесиндей эле мүмкүн болот. Платформа ноябрда эле иштелип чыккан. Бирок ал бир гана Бразилияда жеткиликтүү… Кененирээк…

Шанхай эл аралык кино фестивалында Кыргызстандын эки тасмасынын дүйнөлүк премьерасы болот

Шанхай эл аралык кино фестивалында Кыргызстандын эки тасмасынын дүйнөлүк премьерасы болот. Бул тууралуу Кыргызфильм билдирет. Белгилүү болгондой, режиссер Артык Сүйүндүковдун «Шамбала» жана Эмиль Атагелдиевдин «Көл» тасмалары тандалып алынды. Шанхайдын тургундары фестивалдын бардык тасмаларын кинозалдардан көрө алышат. Бирок чет элдик катышуучулар карантиндик чектөөлөрдөн улам иш-чарага катыша алышпайт.

Кыргызстанда дагы 781 адам коронавирусту жеңди

Кыргызстанда дагы 781 адам коронавирусту жеңди. Бул тууралуу саламаттыкты  сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирет. Анын айтымында, бир сутка ичинде коронавирустан айыккандардын көбү Бишкекте жана Ош облусунда. Ушуну менен өлкөдө жалпысынан 13 миң 109 адам вирустан сакайды. Эске салсак, 17-июлдан тартып коронавирус менен пневмония… Кененирээк…

Бир нече жылдан кийин ысык аба-ырайынан улам сыртта иштөө мүмкүн болбой калат

Бир нече жылдан кийин ысык аба-ырайынан улам сыртта иштөө мүмкүн болбой калат. Окумуштуулардын божомолунда, жыл сайын планетадагы температура орто эсеп менен бир градуска көтөрүлүүдө. Адистер өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү адамдар ысыктын азабын тартып, ден соолугуна зыян келерин эскертишти. Тагыраагы, аптап ички органдардын иштешине терс таасирин… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда сел каптаган жол кыймылга ачылды

Ысык-Көл облусунда сел каптаган жол кыймылга ачылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Каракол – эңилчек трассасынын 6-чакырымында тазалоо иштери соңуна чыкты. Мындан тышкары Ак-Суу районундагы Маман айылында суу толгон турак жайларда иштер аткарылды. Жумуштарга кызматкерлер жана оор техникалар тартылды. Эске салсак, кечээ катуу жааган жаандан улам… Кененирээк…

Аксы району карантинге алынды

Аксы району карантинге алынды. Райондук мамлекеттик администрациянын аппарат башчысы Мирлан Сагынбаев билдиргендей, абалга байланыштуу бир катар чектөөлөр киргизилди. Учура көзөмөл түйүндөрү орнотулуп, жарандардын көчөгө себепсиз чыгуусуна тыюу салынды. Кербен шаарына зарыл иши бар адамдар атайын дүмүрчөктүн негизинде гана киргизилет. Мындан сырткары дүкөндөр, тамактануучу жайлар кечки… Кененирээк…

Өнөкөт оорусу бар бейтаптар үчүн клиникаларда орундар жетиштүү

Өнөкөт оорусу бар бейтаптар үчүн клиникаларда орундар жетиштүү. Бул тууралуу Ыкчам медицина борборунун башкы дарыгери Искендер Шаяхмедов 24 агенттигине билдирет. Анын айтымында, жүрөк оорулуулар Улуттук кардиология борборунда кабыл алынат. Мындан тышкары Чүй облустук ооруканасында жана Улуттук хирургия борборунда. Буларда бейтаптарды кабыл алууга көйгөй жок. Бирок… Кененирээк…

Кара-Балта шаарында катталган бороон-чапкын бир катар курулуштун чатырын учурду

Кара-Балта шаарында катталган бороон-чапкын бир катар курулуштун чатырын учурду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кечээ, ылдамдыгы болжол менен секундасына 28 метрге жеткен шамал катталды. Анын кесепети 4 турак жайдын, кафенин жана 2 чарба курулушунун чатырларын учуруп кетти. Жалпысынан дээрлик 700 чарчы метр чатыр жарактан чыкты.… Кененирээк…