Баткен облусуна 30 кычкылтек концентратору жеткирилди

Баткен облусуна 30 кычкылтек концентратору жеткирилди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, дем алдыруучу аппараттарды өкмөт жөнөттү. Ошондой эле, жүктө 80 пульсоксиметр жана коргоочу костюмдар бар.

 

Алар райондордогу ооруканаларга бөлүштүрүлөт. Бул Баткенге өкмөт тарабынан көрсөтүлгөн экинчи жардам, — дешти министрлер кабинетинен.