Бишкекте күзгү-кышкы сезонго даярдыктар жүрүүдө
Бишкекте күзгү-кышкы сезонго даярдыктар жүрүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, жылуулук-энерго борборундагы буу казандар имараты оңдолуп, 30 буу казан кышка даяр. Андан тышкары, дээрлик 1,5 миң метр жылуулук түтүктөрү калыбына келтирилди.