Чаткалда жаңы мектептин курулушу башталды

Чаткалда жаңы мектептин курулушу башталды. Райондун акими Жуманалы Накетаев Азаттыкка билдиргендей, мектептин курулушу 54 миллион сомго бааланууда.

 

Аны районду өнүктүрүү фонду каржылайт жана мектеп  үч жыл аралыгында курулуп бүтөт. Күтүлгөндөй, ал 150 окуучуга билим берүүгө ылайыкташат. Ал эми 60 орундуу азыркы Кайын-Суу орто мектеби 1986-жылы ашар жолу менен салынып, учурга карата авариялык абалда.