Кыргызстанга Россиядан 50 медицина кызматкери келди

Кыргызстанга Россиядан 50 медицина кызматкери келди. Адистерден турган 5 медициналык топко хирург, кардиолог, терапевт, педиатр, травматолог, анестезиолог-реаниматолог, инфекционист, пульмонологдор жана башка адистер кирет. Алар Кыргызстанда 1 ай аралыгында COVID-19 менен ооруган бейтаптарга жардам беришет. Дарыгерлер эртеңден тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облусунун саламаттыкты сактоо мекемелеринде… Кененирээк…

Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында сел жүрдү

Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, суу ташкыны Кызыл-Алма сайынын болжол менен 2,5 миң метр тазаланган жерин шагылга толтурду. Андан ашкан суу Абдукаримов көчөсүнүн 200 метрин каптады. Тазалоо иштерине оор техникалар тартылган. Иштер бүгүн да уланууда.

Пакистандык студенттерди сабаган шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы тандалды

Пакистандык студенттерди сабаган шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы тандалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Түзүмдүн маалыматына караганда, Ысык-Ата районунун 31 жаштагы тургуну жана Бишкектин 30 жаштагы жашоочусу1 айга камакка алынды. Эске салсак, 19-июлда Пакистандык студенттерди белгисиз жарандар сабап жаткан видеосу соцтармактарга тараган. Жабыркагандардын… Кененирээк…

Арыктайм десеңиз организмде калийди жетиштүү деңгээлде камсыздаңыз

Арыктайм десеңиз организмде калийди жетиштүү деңгээлде камсыздаңыз. Диетолог Елена Кален айтып бергендей, организмде витамин жана минералдар жетиштүү түрдө болгондо гана адам бат арыктайт. Витамин жана минералдар майды эритип, денеден суюктукту бөлүп чыгарат. Бул процессте калий маанилүү роль ойнойт. Калий өсүмдүктүн бардык түрүндө, үндүк жана сүттүн… Кененирээк…

Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасы толук капиталдык оңдоодон өтүүдө

Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасы толук капиталдык оңдоодон өтүүдө. Учурда республикалык бюджеттин эсебинен оорукананын бир имараты толук оңдоодон өтүп, экинчи корпусунда иштер жүрүп жатат. Белгилеп кетсек, буга чейин медициналык мекеменин эскилиги жетип калгандыктан коомчулук тарабынан нааразычылыктар айтылып келген.

Кыргызстанда дагы 1 миң 31 киши коронавирустан айыгып чыкты

Кыргызстанда дагы 1 миң 31 киши коронавирустан айыгып чыкты. Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдиргендей, алардын ичинен 346 адам коронавирустан жана 685и пневмониядан сакайды. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан айыгып чыккандардын саны 16 миң 791ге жетти.

Кыргызстан интернеттин ылдамдыгы боюнча 97-орунда турат

Кыргызстан интернеттин ылдамдыгы боюнча 97-орунда турат. SpeedTest интернет басылмасы билдиргендей, бул көрсөткүч июнь айына карата. Майда биздин өлкө рейтингден 103-сапты ээлеген. Жалпысынан 138 өлкөгө изилдөө жүргүзүлдү. Интернеттин күчтүүлүгү боюнча эң алдыңкы сапта Түштүк Корея жайгашса, акыркыда Афганистан турат. Аталган рейтинг ай сайын жаңыланат.

Ош шаарынын Мээркан айылынын жолу оңдолот

Ош шаарынын Мээркан айылынын жолу оңдолот. Мэриянын маалыматына ылайык, узундугу 1 чакырымдан ашык тилке асфальтталып, көчө жарыктандырылат. Учурда ирригациялык лотоктор орнотулуп, жол курулуш иштерине даярдалды. Тилкенин бир тарабында тротуар да пайда болот. Муну менен катар айылдагы мектепке барчу жол асфальтталат. Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнөт.

Ордо калаада жылуулук тармактарынын дээрлик жарымы кышкы сезонго даяр

Ордо калаада жылуулук тармактарынын дээрлик жарымы кышкы сезонго даяр. Учурда иштер тынымсыз жүрүп жатат. Андагы жабдууларды кызматкерлер текшерип, ремонттук иштерди жүргүзүүдө, — дешти калаа мэриясынан. Белгилеп кетсек, “Бишкек электр жылуулук” ишканасы 624 турак жайды, 12 саламаттыкты сактоо мекемесин, 40 мектеп, 14 бакча, 8 университет жана… Кененирээк…

ЕАЭБ аймагына товар алып кирүүгө документтерди толтуруунун эрежелери өзгөртүлөт

ЕАЭБ аймагына товар алып кирүүгө документтерди толтуруунун эрежелери өзгөртүлөт. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиядан билдиришти. Тагыраагы, 1-январдан баштап биримдиктин аймагына товар алып келе жаткан тарап бажы декларациясын толтуруу маалында товар өндүрүлгөн өлкө менен катар анын бажы төлөмдөрү боюнча кандай жеңилдиктерге укугу бар же жок экенин… Кененирээк…