Украинада карантин 31-августка чейин узартылды

Украинада коронавирустун тездик менен жайылышына байланыштуу 31-августка чейин карантиндик чектөө киргизилди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

 

Украинада биринчи карантиндик чектөөлөр март айында киргизилген болчу. Май-июнь айларында карантин жеңилдеп, коронавирустун жайылышы бир аз басаңдап, чектөөлөр 31-июлда алынмак. Бирок карантиндик чектөөлөр жеңилдетилгенден кийин, өлкөдө коронавирустун жайылышы кескин өсө баштаган.

Акыркы күндөрү коронавирустук инфекциянын жайылышынын жаңы учурларынын саны күнүнө 800 адамдан ашты. Азырынча Украинада инфекция жуктургандардын жалпы саны 60 миң 995 адамды түзөт. Алардын ичинен 1 миң 534 адам көз жумду.

 

Маалыматка ылайык, бет кап кийип, коомдук жайларда 1 жарым метр аралыкты сактоо керек. Ошондой эле оору кеңири жайылган өлкөлөрдөн келгендер эки аптага карантинге алынышы же коронавирустук тесттен өтүшү керек деп айтылат.