Бүгүн орто кесиптик билим берүү окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун экинчи туру башталды

Бүгүн орто кесиптик билим берүү окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун экинчи туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алуу быйыл онлайн форматта жүргүзүлүүдө.

 

Абитуриенттер атайын иштелип чыккан системада каттоодон өтөт. Белгилеп кетсек, Кыргызстандын колледждерине абитуриенттерди кабыл алуунун экинчи туру 25-августка чейин жүргүзүлөт.