Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукербергдин байлыгы биринчи жолу 100 миллиард долларды түздү

Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукербергдин байлыгы биринчи жолу 100 миллиард долларды түздү. Анын кирешеси TikTok тиркемеси жана Reels кызматын толук ишке киргизгенден баштап жогорулай баштаган. Цукербергден тышкары дүйнөдө эки гана адам 100 миллиард доллардан ашуун кирешеге ээ.

 

«Amazon» компаниясынын башкы директору Жефф Безос, анын кирешеси 190 миллиард доллар.

 

Ошондой эле «Microsoft» компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс, анын байлыгы 120 миллиард долларды түзөт.