Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын аяктаган 169 адис  алыскы региондорго жөнөтүлдү

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын аяктаган 169 адис  алыскы региондорго жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айгүл Бообекова билдирди.   Анын айтымында, Бишкек медициналык колледжинин 70 бүтүрүүчүсү да ордо калаада ооруканаларына иштөөгө бөлүштүрүлдү. “Дарыгердин депозити” мамлекеттик программасынын негизинде 175 адиске бир кварталда бир жолу акча… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандардын абалы туруктуу

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандардын абалы туруктуу. Саламаттыкты сактоо министрлигинен 24 агенттигине билдиришкендей, ок жараатын алган аскер кызматкерине медициналык жардам көрсөтүлдү, ал эми жергиликтүү тургунга операция жасалды.   Абалы орто оор деп бааланат. Эске салсак, кечээ кыргыз-тажик чек арасынын Баткен облусуна караштуу тилкесинде атышуу катталды.… Кененирээк…

Фейсбук корпорациясы кызматкерлерине дагы бир жыл аралыктан иштөөгө уруксат берди

Фейсбук корпорациясы кызматкерлерине дагы бир жыл аралыктан иштөөгө уруксат берди. Маалыматка ылайык, пандемия коркунучун эске алуу менен компания кызматкерлерге 2021-жылдын июль айына чейин үйдөн иштөө шартын түзүп, кошумча 1 миң доллардан төлөп турмай болду.   Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукербергдин айтымында, корпорация пандемия аяктаган соң ишин кадимки режимде… Кененирээк…

Бишкекте миллиондогон гүлдөр көз жоосун алууда

Бишкекте миллиондогон гүлдөр көз жоосун алууда. Ордо калаа мэриясынан эске салышкандай, алардын көбү Ала-Тоо аянтына туура келет – дээрлик 50 миң даана гүл.   Алар ар кандай композицияда отургузулган. Арасында бир жылдык седум, сальвия, агератум, алиссум, тагетис жана петуньялар бар.   Ошондой эле, Чокан Валиханов… Кененирээк…

Транспорт жана кыймылсмыз мүлккө салыктарды төлөө үчүн 1 айга жетпеген убакыт калды

Транспорт жана кыймылсмыз мүлккө салыктарды төлөө үчүн 1 айга жетпеген убакыт калды. Мамлекеттик салык кызматынан эске салышкандай, 1-сентябрга чейин транспортко, ал эми 2-сентябрга чейин кыймылсыз мүлк жана жер салыгын төлөө керек.   Төлөмдөр банк кассаларында, терминалдарда, POS-терминалдарда кабыл алынууда. Ошондой эле, мобилдик жана интернет-банкинг кызматтары… Кененирээк…

Кыргызстанда медициналык адистиктерге бюджеттик орундар көбөйтүлдү

Кыргызстанда медициналык адистиктерге бюджеттик орундар көбөйтүлдү.   Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айгүл Бообекова билдирди.   Ал белгилегендей, Медициналык академияда 2020-21-окуу жылына карата эпидемиология, инфекциялык оорулар, микробиология, вирусология, пульмонология, тез жардам жана башка бир катар багыттар боюнча  бюджеттик орундардын саны көбөйүп, жалпысынан 640ка жетти,… Кененирээк…

Кыргызстан аймагына ташылып келген медициналык жабдууларды каттоо тартиби өзгөрдү

Кыргызстан аймагына ташылып келген медициналык жабдууларды каттоо тартиби өзгөрдү.   Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, жаңы алгоритмге ылайык, ЕАЭБ жана үчүнчү өлкөлөрдөн алынып келген кычкылтек концентраторлору, жеке коргонуучу каражаттар, пульсоксиметрлер, жасалма дем алдыруучу аппараттар үчүн кошумча бажы төлөмдөрү алынбайт.   Кайтарымсыз негизде калкка жардам көрсөтүү максатында ташылган… Кененирээк…

Ат-Башы районунда күндүзгү стационарлар кыскартылууда

Ат-Башы районунда күндүзгү стационарлар кыскартылууда. Аймактык ооруканадан билдиришкендей, күндүзгү стационарлар фельдшерик акушердик түйүндө жана мектептерде уюштурулган. Учурда жалпысынан 249 орун бар. Анын 44ү муктаждык жок болгондуктан кыскартылды. Вируска кабылгандардын саны күндөн-күнгө азаюуда. Стационарларга жалпысынан 744 адам кабыл алынды, анын 645и айыгып чыкты.

Россияда июль айында эң көп маяна төлөнүүчү жумуштар аталды

Россияда июль айында эң көп маяна төлөнүүчү жумуштар аталды. Алардын сап башында механик, капитан, тоо кен адиси боюнча кызматтар жайгашат. Бул кызматтарга Якутия,  Астрахань, Сахалинде вакансия көп. Алардын маянасы 300 миң рублга жетет. Андан кийин 200 миң рубль менен IT адистери турат. Мындай кызматкерлер Москва… Кененирээк…

Акыркы суткада өлкө боюнча 665 адам коронавирустан айыгып чыкты

Акыркы суткада өлкө боюнча 665 адам коронавирустан айыгып чыкты. Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматованын айтымында, айыккандардын басымдуу бөлүгү Бишкекте жана Ысык-Кол, Жалал-Абад облустарында. Ушуну менен коронавирус жана пневмониядан сакайгандардын жалпы саны 30 миң 764кө жетти.