Быйыл ордо калаадагы узундугу дээрлик 5,5 чакырымды түзгөн 13 көчө оңдоодон өтөт

Быйыл ордо калаадагы узундугу дээрлик 5,5 чакырымды түзгөн 13 көчө оңдоодон өтөт. Иштерди «Бишкек асфальтсервис» муниципалдык ишканасы жүргүзөт, — дешти калаа мэриясынан. Учурда Ибраимов көчөсүндө — Жибек жолунан Күрөңкеевге чейин, Пушкин көчөсүндө — Павловдон Бейшеналиевага чейин, Бобулов тилкесинде Чүй проспектисинен Пушкинге чейин жана Аэропорт көчөсүндө… Кененирээк…

Германия Кыргызстанга 41 миллион 800 миң евро берет

Германия Кыргызстанга 41 миллион 800 миң евро берет. Акча грант катары келет, — дешти президент аппаратынын басма сөз кызматынан. Сумманын 20 миллион евросу каржы кызматташтыгынын алкагында, калганы техникалык долбоорунда келет. Германиянын аталган уюму Кыргызстандагы саламаттыкты сактоо, сот бийлиги, айыл чарбасы, билим берүү жана ишкерликти колдоо… Кененирээк…

Кыргызстан 4 өлкө менен аба каттамдарын жандантуунун убактылуу графигин иштеп чыкты

Кыргызстан 4 өлкө менен аба каттамдарын жандантуунун убактылуу графигин иштеп чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка караганда, алар Россия, Түркия, Казакстан жана Бириккен Араб Эмирлиги. Учурда бир гана Түркия жумасына 2 ирет аба жолдорун уюштурууга макул болду. Калган өлкөлөр менен августтун аягына чейин чартердик… Кененирээк…

Өзбекстанда бала бакчалардын иштөөсүнө уруксат берилди

Өзбекстанда бала бакчалардын иштөөсүнө уруксат берилди. Карантиндик чектөөлөр 15-августка чейин узартылганына карабастан мектепке чейинки даярдоо мекемелери иштеп баштайт, — дешти өлкө бийлигинен. Эми балдар жана тарбиячылар үчүн коопсуз шарт түзүлөт. Бир катар талаптар коюлат. Белгилеп кетсек, Өзбекстанда коронавирус пандемиясынан улам 16-марттан тартып өлкөдөгү бардык билим… Кененирээк…

Ордо калаа көчөлөрдү оңдоп-түзөө иштери тынымсыз аткарылууда

Ордо калаа көчөлөрдү оңдоп-түзөө иштери тынымсыз аткарылууда. Кала бийлигинен айтып беришкендей, кечээ Белорусская, Осмонов, Аул, Ашхабад, Кокчетау, Тыныстанов көчөлөрүндө капиталдык курулуш иштери аяктады. Ошондой эле Түлөбердиев тилкеси дагы оңдолуп бүтөйүн деп калды. Мындан сырткары Үсөнбаевден Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү жакында аяктап калат.