Жаңы окуу жылында өлкөдө 3 жаңы мектеп колдонууга берилет

Жаңы окуу жылында өлкөдө 3 жаңы мектеп колдонууга берилет. Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокчоров билдиргендей, алардын бири Чүй облусунун Орок айылында жайгашкан.

 

Андан тышкары, Бишкектеги №2 мектептин имараты жана Ош шаарындагы дагы бир билим берүү мекемесинин курулуш иштери жаңы окуу жылында бүтүп калат. Ал эми Кыргызстан боюнча авариялык абалда жалпысынан 245 мектеп бар, — деди Кочкоров.