Бишкекте коронавирустан каза болгондорду эскерүү акциясы өтөт

Бишкекте коронавирустан каза болгондорду эскерүү акциясы өтөт. Мэриядан билдиришкендей, 29-августта “Эскерүү шамы” акциясы уюштурулуп, кечки саат  9 жарымда Чүй проспекти, Чыңгыз Айтматов, Байтик баатыр, Ахунбаев жана Киев көчөлөрүнүн ортосундагы чырактар бир нече мүнөткө өчүрүлөт.

 

Шаар башкармалыгы борбор калаанын тургундарын да ошол учурда үйдөгү жарыкты өчүрө туруп, маркумдарды эскерүүгө чакырат. Белгилеп кетсем, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 40 миңге чукулдады.