Кыргызстан айыл чарба продукциясынын экспортун көбөйттү

Кыргызстан айыл чарба продукциясынын экспортун көбөйттү. Айыл-чарба министри Эркин Чодуевдин айтымында, жыл башынан бери бул көрсөткүч 110 миллион долларга жетти.

 

Бул 2019-жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, 52 пайызга көп. Министр белгилегендей, Кытайга айыл-чарба азыктарын жеткирүү көлөмү кыскарганы менен, Сирия жана Европага экспорт жакшырды.