Австралияга жайдын саратанында кар жаады. Августта жааган кар Жаңы Түштүк Уэльс штатынын тургундарын таң калтырды. Ак карга көмүлгөн бак-дарактардын, жолдордун сүрөт-видеолору социалдык тармактарга жүктөлүүдө.
Мындай аба-ырайы узак тыгындардын жана электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына себеп болду. Учурга карата 750дөн ашык үй жарыксыз калды.