Кыргызстан Евразия калыбына келтирүү жана өнүгүү фондунан 100 миллион доллар насыя алат

Кыргызстан Евразия калыбына келтирүү жана өнүгүү фондунан 100 миллион доллар насыя алат. Каржы министрлигинен билдиришкендей, насыя алуу боюнча келишимге кол коюлду. Карыз 20 жылга 1 пайыз үстөк менен берилет. Анын он жылы жеңилдетилген түрдө болот. Акча ишкерлерди колдоого да багытталат. Кошумчаласак, Кыргызстан социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыздоого… Кененирээк…

Кыргызстанда апрелден бери миңден ашык жарандын ипотекалык насыясын төлөө мөөнөтү жылдырылды

Кыргызстанда апрелден бери миңден ашык жарандын ипотекалык насыясын төлөө мөөнөтү жылдырылды. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Элмира Абжапарова билдирди. Анын айтымында, 42 миллион сомдук насыянын төлөө мөөнөтү узартылды. Төлөө убактысын артка жылдыруу үчүн жарандар насыя алган банкка арыз бериши керек. Андан кийин компания аны… Кененирээк…

Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасы жарыяланды

Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасы жарыяланды. Дүйнө этноспорт конфедерациясынын президенти Билал Эрдоган билдиргендей, оюндарга дүйнөдөн 1,5 миллионго жакын турист жана спортчу келиши күтүлүүдө. Калаада атайын ипподром, стадион жана спортчулар үчүн шаарча курулат. Белгилеп кетсек, коронавирус пандемиясынан улам быйыл Түркияда өтө турган Көчмөндөр… Кененирээк…

Сүлүктү шаарындагы эки билим берүү мекемесинде оңдоо иштер жүрүп жатат

Сүлүктү шаарындагы эки билим берүү мекемесинде оңдоо иштер жүрүп жатат. Райондук администрациядан билдиришкендей, №5 орто мектептин жана Бөкөнбаев айылындагы «Жеткинчек» бала бакчасынын чатырлары жаңыланды. Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүп берилди. Учурда аймактагы мектептер жана мектепке чейинки билим берүү уюмдары жаңы окуу жылына даяр.

АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги Кыргызстанга 190 миллион сом берди

АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги Кыргызстанга 190 миллион сом берди. Өлкө элчилигинен билдиришкендей, каражат медицина мекемелеринде инфекцияны көзөмөлдөөгө, тестирлөөгө, диагностиканы жана COVID-19 тууралуу калкка маалымат жеткирүүгө багытталат. Эске салсак, аталган уюм буга чейин биздин өлкөгө 95 миллион сом берген. Мындан тышкары медицина кызматкерлерине жеке коргонуу… Кененирээк…

Ордо калаада коронавируска кабылгандар азайып, стационарлар жабылууда

Ордо калаада коронавируска кабылгандар азайып, стационарлар жабылууда. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдиргендей, «Семетей» обсервациясындагы бейтаптар сакайып чыгып, госпиталдын иши токтотулду. Учурда анда дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Аталган жай эми толугу менен COVID-19 жана пневмонияга чалдыккан бейтаптарды кабыл алуучу оорукана катары даярдалат. Ошондой эле… Кененирээк…

Медицина кызматкерлери жана мугалимдерге узак мөөнөттү насыя берилет

Медицина кызматкерлери жана мугалимдерге узак мөөнөттү насыя берилет. Атайы ипотекалык программаны «Мамлекеттик ипотекалык компания» иштеп чыгат. Компаниянын төрайымы Элмира Абжапарова билдиргендей, учурда бул максатта каражат бөлүүнү Евразия өнүктүү фонду карап жатат. Жалпы сумма 25 миллион долларды түзөт. Макулдашуу ишке ашса бересени 15 жылга чейин бөлүп… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 291 адам коронавирусту жеңди

Кыргызстанда дагы 291 адам коронавирусту жеңди. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдиргендей, Ошто 59, Бишкекте 46, Чүйдө 35, Таласта 3, Нарнында 11, Ысык-Көлдө 76, Жалал-Абадда 41, Баткенде 20 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен өлкөдө коронавирусту жеңгендердин саны 33 миң 318ге жетти.

Бишкекте 10 миңден ашык адам жарыксыз калышы мүмкүн

Бишкекте 10 миңден ашык адам жарыксыз калышы мүмкүн. “Түндүкэлектр”  17-18-августта электр энергиясына карыз болгон керектөөчүлөрдү аралыктан өчүрүүнү пландап жатат.   Андыктан, ага чейин төлөмдөрдү жүргүзүү сунушталат. Белгилеп кетсек, 26-марттан бери бөлүштүрүүчү компания өкмөттүн сунушу менен карызы барларды жарыктан өчүрүүнү 3 айга токтоткон.

Бишкектин кире беришинде муниципалдык унаа токтотуучу жайлар уюштурулат

Бишкектин кире беришинде муниципалдык унаа токтотуучу жайлар уюштурулат. Бул тууралуу “Бишкектин парковкалары жана унаа токтотуу жайлары” ишканасынын жетекчиси Вахтанг Алаков билдирди.   Анын айтымында, пландалгандай, алар ордо калаанын 4 районунда тең пайда болуп, башка аймактардан келгендер аларда жеке транспортун калтырып кете алат. Белгилеп кетсек, Бишкекте… Кененирээк…