Кыргызстан Евразия калыбына келтирүү жана өнүгүү фондунан 100 миллион доллар насыя алат.
Каржы министрлигинен билдиришкендей, насыя алуу боюнча келишимге кол коюлду.
Карыз 20 жылга 1 пайыз үстөк менен берилет. Анын он жылы жеңилдетилген түрдө болот.
Акча ишкерлерди колдоого да багытталат. Кошумчаласак, Кыргызстан социалдык-экономикалык
туруктуулукту камсыздоого ушул жылы чет өлкөлөрдөн 742 миллион 900 мин доллар алат.