Чет мамлекеттерден кыргызстандыктарды кайтаруу уланууда

Чет мамлекеттерден кыргызстандыктарды кайтаруу уланууда. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Новосибирск-Бишкек чартердик каттамы менен 182 жаран алып келинди.

 

Учак менен кош бойлуу, балалуу аялдар, оорукчан жана улгайган адамдар, мекенине чукул кайтууга муктаж болгон жарандар, Сибирь аймагындагы окуу жайларында окуган студенттер келишти.

 

Ведомство маалыматына караганда, 20-марттан 1-августка чейин Россиядан 20 миңден ашык кыргыз жараны мекенине кайтты.