«Барселона» клубунун башкы машыктыруучусу Кике Сетьен кызматынан кетет.
Бул тууралуу аталган клубдун президенти Жозеп Мария Бартомеу жарыялады.
Машыктыруучунун иштөө мөөнөтү келишим боюнча 2022-жылы аякташы керек болчу.
Анын ордуна Рональд Куман, Маурисио Почеттино жана клубдун мурдагы футболчусу
Хави талапкер. Белгилеп кетсек, «Барселона» жума күнү УЕФАнын Чемпиондор
лигасынын чейрек финалында «Баварияга» 8:2 эсебинде утулду. Бул каталондук
команданын 74 жылдан берки эң ири эсепте утулган оюну болду.
Акыркы жолу «Барселона» 1946-жылы «Севилияга» 8:0 эсебинде жеңилген.