Жалал-Абад шаарынын бир катар көчөлөрүндө газ өчүрүлөт

Жалал-Абад шаарынын бир катар көчөлөрүндө газ өчүрүлөт. “Газпром” ишканасынан билдиришкендей, эртең таңкы саат 9дан кечки 5ке чейин Жеңи-Жок көчөсүндө жана Манас проспектисинде көгүлтүр отту берүү токтотулат. Аталган мөөнөттө тилкелерде газ түтүктөрүн оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт.

Ордо калаадагы №54 мектептин директоруна сөгүш жарыяланды

Ордо калаадагы №54 мектептин директоруна сөгүш жарыяланды. Калаа мэриясынан билдиришкендей, жетекчилик мектептин фондуна акча чогултууну талап кылган. Мындан тышкары, каражат чогултууну билдирген мугалим жумуштан алынды. Аталган фактыга карата мэриянын билим берүү башкармалыгынын адистери териштирүү иштерин жүргүзүштү. Эми мектеп жетекчисин кызматтан алуу маселеси каралат.

Өзбекстанда ЖОЖдордун келишимдик окутуу акысы 10 пайызга арзандады

Өзбекстанда ЖОЖдордун келишимдик окутуу акысы 10 пайызга арзандады. Мындай чечимди Каржы министрлиги кабыл алды. Эми күндүзгү бөлүмдө окуган студенттердин окуу акысы 10 пайызга төмөндөйт. Мындан тышкары окуу жайларга ата-энеси жок, мүмкүнчүлүгү чектелген жана социалдык жардамга муктаж үй-бүлөлөрдөн чыккан студенттерге каржылык жардам көрсөтүлөт. Жардамдын суммасы болжол… Кененирээк…

Билим берүү министрлиги жаңы окуу жылы үчүн видео сабактарды тартууну улантып жатат

Билим берүү министрлиги жаңы окуу жылы үчүн видео сабактарды тартууну улантып жатат. Министр Каныбек Исаков билдиргендей, иштерге сынактык негизде 260 мугалим тандалып алынган. Алар бир нече кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү жана окуучулары республикалык олимпиадада жеңишке жетишкен чыгармачыл мугалимдер. Видео сабакка тартылуучу педагогдор атайын даярдык жана тренингден өткөрүлдү.

Казакстанга 17 өлкөнүн жарандары ПЦР анализ тапшырбастан кире алат

Казакстанга 17 өлкөнүн жарандары ПЦР анализ тапшырбастан кире алат. Казакстандын башкы санитардык дарыгери Айжан Есмагамбетованын токтому менен белгиленген мамлекеттердин жарандары өлкөгө кирерде дене табы өлчөнүп, анкета толтурушат. Ал эми Польша, Өзбекстан жана Тажикстандан келгендер беш күн мурда тапшырылган ПЦР анализинин жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Ушундай эле… Кененирээк…

Ордо калаада 12 миң 176 бала 1-класска кабыл алынды

Ордо калаада 12 миң 176 бала 1-класска кабыл алынды. Калаа мэриясынан билдиришкендей, жалпысынан 15 миң 203 өтүнмө катталды. Калган арыздар учурда каралып жатат. Белгилеп кетсек, жаңы окуу жылында өлкө боюнча 156 миң бала мектеп босогосун аттайт. Өкмөт 1-классты менчик түрүнө карабай, мектепке барып билим алуу… Кененирээк…

Сузак районунун ички жолдору оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат

Сузак районунун ички жолдору оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Аймактын жол тейлөө ишканасынан “Турмуш” басылмасына билдиришкендей, учурда Көк-Жаңгак шаарындагы Пржевальск көчөсүнө асфальт төшөлүүдө. Мындан тышкары иштер Багыш, Көк-Арт айыл аймактарында жүргүзүлөт. Ага карата 6 миллион сом жумшалат. Жалпысынан иштерге 12 миллион каралган. Каражат республикалык бюджеттен бөлүндү.

Токмок шаарынан медицина кызматкерлеринин экинчи тобу Ысык-Көлгө жөнөп кетишти

Токмок шаарынан медицина кызматкерлеринин экинчи тобу Ысык-Көлгө жөнөп кетишти. Калаа мэриясынан билдиришкендей, эс алуучулардын катарына коронавирус менен күрөшкөн үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун, аймактык оорукананын, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери жана ыктыярчылар кирди. Эми 37 дарыгер пансионатта 3 күн бою ден-соолугун чыңдашат. Эс алуу демөөрчүлөр… Кененирээк…

Кыргызстанда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстанда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти. Жер титирөөнүн очогу Алай районундагы Нура айылынын түштүк-чыгыш таратында 9 чакырым алыстыкта орун алды. Зилзаланын  күчү Нура, Икизяк, Эркечтам айылдарында 4 баллга, Кара-Киндик, Кек-Суу, Бор-Дөбө айылдарында 3 баллга чейин сезилди. Жеринде тактоо… Кененирээк…

Ат-Башы районунун борбордук аянты калыбына келтирилет

Ат-Башы районунун борбордук аянты калыбына келтирилет. Учурда жаңылоо иштеринин биринчи бөлүгү аяктап, таш таман төшөлүп, отургучтар орнотулуп, кире бериши жарыктандырылды. Реконструкциялоо иштеринин бир бөлүгүн жеке ишкер мойнуна алып, 350 миң сом берген. Райондун акими Нурбек Сатаров билдиргендей, борбордук аянттын калган бөлүгү башка демөөрчүлөрдүн колдоосу менен күзүндө толугу менен бүткөрүлөт. Иштер райондун 90 жылдыгына карата аткарылууда.