Ош облусунда аз камсыздалган үй-бүлөлөргө ун таратылууда

Ош облусунда аз камсыздалган үй-бүлөлөргө ун таратылууда. Аймактагы өкмөттүн өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, министрлер кабинети тарабынан                   320 тонна ун тапшырылган.

 

Учурга карата анын 75 пайызы даректер боюнча жеткирилди. Белгилеп кетсек, Ош облу4сунда 28 миң аз камсыздалган үй-бүлө бар. Андан тышкары, жергиликтүү бийлик органдарынын чечими менен 30 тонна ун милиционерлер, дарыгерлер жана мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерге таратылат.