Өзгөчө кырдаалдар министрлиги туруксуз аба-ырайы күтүлөөрүн эскертет

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги туруксуз аба-ырайы күтүлөөрүн эскертет. 25-августтан 27сине чейин өлкө боюна маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Синоптиктер белгилешкендей, Чүй жана Ысык-Көл облусунун жоо этетеринде жана тоолуу аймактарында нөшөрлөгөн жаан жаайт. Кыргызстан боюнча абанын температурасы төмөндөйт. Мындай туруксуз аба-ырайы унаалардын, байланыш, энергетика жана коммуналдык… Кененирээк…

Бишкектеги Краснодонцев көчөсүн оңдоо иштери жыйынтыкталды

Бишкектеги Краснодонцев көчөсүн оңдоо иштери жыйынтыкталды. Novosti.kgге “Бишкек асфальт сервис” муниципалдык ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, тилкеде калыбына келтирүү жумуштары кечээ аяктап, учурда андан унаалар жүрө баштады. Көчөнүн Баялиновдон Күреңкеевге чейинки жерине асфальт төшөлдү. Жолдун узундугу 900, туурасы 6 метрди түзөт. Белгилеп кетсек, жумуштар бир… Кененирээк…

1-сентябрдан тартып кызыл түстөгү «Тулпар» карталары берилген бир түйүн ишин токтотот

1-сентябрдан тартып кызыл түстөгү «Тулпар» карталары берилген бир түйүн ишин токтотот. Мэриядан билдиришкендей, Бишкек шаардык троллейбустук башкармалыктын имаратында жайгашкан түйүн аталган күндөн тартып иштебейт. Калган түйүндөрдө жеңилдиктер каралган категориядагы жарандарга арналган карталар мурункудай эле берилет. Аларды Чүй проспектиси, Байтик Баатыр көчөсү жана Жибек-Жолу проспектисиндеги даректер… Кененирээк…

Кыргызстанда оорукана курууга жана аларды оңдоп-түзөөгө 187 миллион сом бөлүндү

Кыргызстанда оорукана курууга жана аларды оңдоп-түзөөгө 187 миллион сом бөлүндү. Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришкендей, жалпысынан өлкө боюнча 14 саламаттыкты сактоо мекемеси салынууда жана аларда калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Алардын экөөнү мамлекет каржыласа, калгандары “Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” тарабынан. Курулуш жана ремонттук иштерди… Кененирээк…

Жалган маалымат тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат

Жалган маалымат тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат Ички иштер министрлигинен эскертишкендей, социалдык тармактар жана Интернет аркылуу кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды таратпоо зарыл. Далилсиз фактылар боюнча ички иштер органдарына «102» номери аркылуу маалымдоо сунушталат. Эске салсак, коомчулукта WhatsApp тиркемеси аркылуу аудио тарап жатат. Билдирүүдө түндө учактар… Кененирээк…

Чемпиондор Лигасынын финалынан кийин “Бавариянын” чабуулчусу Филиппе Коутиньо клубдан кетерин жар салды

Чемпиондор Лигасынын финалынан кийин “Бавариянын” чабуулчусу Филиппе Коутиньо клубдан кетерин жар салды. 28 жаштагы Коутиньо “Бавария” клубунда жалпы 38 оюн өткөрүп, 11 гол киргизген.   Клуб менен чогуу ал Германия Чемпиондугун, Германия Кубогун жана Чемпиондор Лигасын жеңип алды. Филиппе Коутиньо келишим боюнча Испаниянын “Барселона” клубуна… Кененирээк…

Бишкекте “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабынын алкагында камераларды орнотуу башталды

Бишкекте “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабынын алкагында камераларды орнотуу башталды. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, Алыкулов-Ахунбаев көчөлөр кесилишинде камералар орнотулду.   Алар тесттик режимде жол эрежелерин бузууларын каттайт. Эске салсак, долбоордун экинчи этабы бүткүл республиканы камтып, жалпысынан 306… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирустан акыркы суткада дагы 218 адам айыкты

Кыргызстанда коронавирустан акыркы суткада дагы 218 адам айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 107, Ошто 42, Чүйдө 7, Нарында 2, Ысык-Колдө 20, Жалал-Абадда 21, Баткенде 19 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен жалпысынан 36 миң 615 адам коронавирусту жеңди.

Зымсыз кулакчындар ден-соолукка зыян тийгизет

Зымсыз кулакчындар ден-соолукка зыян тийгизет. Россиялык окумуштуулардын изилдөөсүнө ылайык, аталган наушниктер электромагниттик толкундарды чыгарат.   Өзгөчө белгилүү бренддердин арзан версиялары кооптуу деп эсептелет. Алар адамдын көрүүсүн жана угуусун начарлатышы мүмкүн.   Гаджеттин коопсуздугун текшериш үчүн телефонду коюп, ага кошулган кулакчын менен белгилүү бир аралыкка кетүү… Кененирээк…

Австриянын тургундарын учуучу таксилер тейлейт

Австриянын тургундарын учуучу таксилер тейлейт.  Мындай өзгөчө каттам үчүн атайын инфраструктура иштелип чыгууда. Алсак, аэротаксилер үчүн аялдама жасалат.   Жүргүнчүлөрдөн тышкары аэротаксилер жүк ташууга да ыңгайлашат. Унаанын тесттик текшерүүсү жүргүнчүлөрсүз өтөт. Аталган долбоорду австриялыктар кытай инженерлери менен биргеликте иштеп чыккан. Азырынча аэротаксилерге 2 адам гана… Кененирээк…