Чемпиондор Лигасынын финалынан кийин “Бавариянын” чабуулчусу Филиппе Коутиньо клубдан кетерин жар салды

Чемпиондор Лигасынын финалынан кийин “Бавариянын” чабуулчусу Филиппе Коутиньо клубдан кетерин жар салды. 28 жаштагы Коутиньо “Бавария” клубунда жалпы 38 оюн өткөрүп, 11 гол киргизген.

 

Клуб менен чогуу ал Германия Чемпиондугун, Германия Кубогун жана Чемпиондор Лигасын жеңип алды. Филиппе Коутиньо келишим боюнча Испаниянын “Барселона” клубуна таандык.